Тажик тарап Кыргызстандын 50 жаранын Тажикстандан чыгарып жиберишти

0
502

Тажикстан  Кыргызстандын 50 жаранын түшүндүрбөстөн аталган өлкөдөн чыгарып жиберишти.Бул тууралуу бүгүн 5-январда,КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
2022-жылдын 2-январы болжол менен саат 20.20 чамасында мамлекеттик чек аранын «Карамык-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Тажикстандан Кыргызстанга Кыргыз Республикасынын 47 жараны өткөн. Бул жарандар Тажик Республикасынын Жергетал районунун жергиликтүү жашоочулары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү тажик жарандары жана Тажикстанда жашашат.
2022-жылдын 4-январы Кыргызстандын дагы үч жараны Тажикстандын аймагынан чыгарылган.
Кыргызстандын жарандары мыйзамдуу түрдө Тажикстандын Лахш (Жергетал), Мургаб жана Тоолуу Бадахшан райондоруна барышып, жашаган жерлерине убактылуу каттоого турушкан.
Бирок ушуга карабай 2022-жылдын 2-жана 4-январь күндөрү тажик бийлиги түшүндүрбөстөн туруп, тууган-уруктары менен коштошуп алууга да уруксат бербестен 24 сааттын ичинде Кыргызстандын 50 жаранын Тажикстандан чыгарып жиберишкен.
Кыргызстандын жарандары Кыргыз Республикасына «Карамык-авто жол» жана «Бордобо-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу өтүшкөн деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here