Кыргыз милициясына 97 жыл

0
489

Баткенде Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 97 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди

Иш-чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, Ички иштер органдарынын ардагерлери, ошондой эле облустук мамлекеттик мекеме уюмдардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Салтанатта КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп,  Кыргыз  милициясынын өнүгүүсүнө салым кошкон Баткен ОИИБдин кызматкерлеринин мекен үчүн кошкон салымы жана  орду бийик экендигин баса белгиледи.Өзгөчө чек ара окуяларында өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен  аткарып келе жатканын  айтып өттү.

Ошондой эле алардын эл кызматындагы түйшүктүү жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалап өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымын кошкондугу үчүн бир катар кызматкерлерди  “Баткен облусуна 20 жыл” эстелик медалы, Ардак грамота жана Алкыш барагы менен сыйлады.

 

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here