Абдикарим Алимбаев Сүлүктү шаарынын эли менен жолукту

0
1048

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу окулу Абдикарим Алимбаев Сүлүктү шаарынын эли менен жолукту.
Жолугушуунун журушундо алгач Сулукту шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б.Ташов шаардын социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктери боюнча маалымат берип отту.Андан сон өкүл КР Президентинин койгон тапшырмалары тууралуу шаар тургундарына айтып,облус аймагындагы бир катар көрүлүп жаткан аракеттер жөнүндө сөз кылып, алдыдагы пландар менен жергиликтүүлөрдү тааныштырды.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар Сүлүктү шаарындагы бир канча чечилбей келе жаткан социалдык маселелерди айтып, облус башчысынын жеке көзөмөлүнө алып, маселелердин ыкчам чечилүүсүнө жардам берүүсүн суранды
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жеринде облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, ар бир коюлган тапшырма так жана ыкчам чечилип, эл арасында көйгөйлөр жаралбашы керектигин баса белгиледи.
Сүлүктү эли менен болгон жолугушуунун соңунда Баткен облусунун социалдык-экономикалык онугуусуно кошкон зор салымдары жана кызматтык милдеттерин мыкты аткарып, жетишкен ийгиликтери учун Сулукту шаарынын бир катар жетекчилери жана жеке ишкерлери сыйланды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун басма соз кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here