Москвадагы Баткендин айымдары менен Ыссык — Көлдүн жигиттеринин ортосунда Сармерден болуп өттү

0
1332

15-август куну Москва шаарында, Москвадагы кыргыз маданий борбору тарабынан уюшулган кыз жигиттер айтышы, Сармерден болуп өттү.

Сармерденге өрүкзардын Баткен областынын айымдары менен Ыссык-Көл областынын жигиттери таймашып, жыйынтыгында Баткен өрүкзар айымдары женишке ээ болду. Бул тууралуу кабарчыбыз Нуржамал Таабалдиева билдирди.

Таланттуу кыз келиндерден чогулган Баткен областынын айымдары өздөрүнүн талантарын тартуулап, ыр бий күү, жана автордук ыр саптардын коштоосунда мыкты даярдыктарын көрсөтүп жатышты . Белгилүү композитор Аппаз Жайнаковдун , Мамажан Козубаевдин чыгармаларын да жаныртып, өрүкзар жана айгүл гүлүбүздү өзгөчө белгилеп ырдап көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты

Ыссык-Көлдүн шамдагай жигиттери да айымдардан калышпай мыкты даярдыктарын көрсөтүшүп, Манас айтып,  комуздун коштоосунда дастан ырдап элге тамашалуу ырларды тартуулашты.

Бөтөн жерде, өз элибиздин каада салтын , үрп адаттарын таштабай келебиз. Ыр кесе, сармерден шайыр апалардын негиздөөчүсү Шайыр Мурзабекова,мигрант элибизге майрамдык сармерден байма бай откоруа келет. Бул да болсо алыстагы мекенибизге болгон сагыныч кусабызга өбөлгө болуп мотивация болот .Ушул сыяктуу достук биримдик  ынтымак алкагында  маданий,адабий,жана спорт боюнча иш чаралар Кыргыз диаспорасы тарабынан элчилик тин колдоосу менен бат баттан отуп тураарын кабарчыбыз баса белгиледи.

Видео:

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here