Сүлүктүдө жаш өспүрүмдөргө жолдо жүрүү эрежелери окутулду

0
784

Сүлүктү шаарында «Балдардын коопсуздугу — келечектин коопсуздугу» аталышындагы өспүрүмдөр үчүн Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерлери тарабынан атайын иш чара өткөрүлду. Аталган рейд 15-16 апрель күндөрү болуп өтүп, жол кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо максатында, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Сүлүктү ШИИБнүн ЖКККсы маалымдады.

Иш чаранын жүрүшүндө атайын мектептерге барып жолдо жүрүү эрежелерин жана түшүндүрүү прафилактикалык иштер аткарылды.Мындан сырткары шаар аймагындагы ар бир мектеп айланасындагы жол белгилерин, жол чийиндерин көзөмөлдөшүп, кээ бир жок жерлерге сунуштарын беришүүдө.
2021- жылдын башынан ушул күнгө чейин Сүлүктүдө жаш өспүрүм катышкан жол кырсыгы катталган эмес.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here