Сохко коридор берилет деген маалымат туура эмес

0
625

Баткен облусу аркылуу Өзбекстандын Сох анклавына коридор берилет деген маалымат туура эмес. 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында, Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын расмий жолугушуусунун жыйынтыгы менен,Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалыматтар тараган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстан Республикасына коридор берилет деген сөздөр туура эмес,сүйлөшүүнүн жыйынтыгында буга чейин пандемияга байланыштуу жабылган, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кайтпас көзөмөл өткөрүү жайын кайра ачуу,жандантуу макулдашылган.Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары,мурдагыдай эле тартип менен,документтери текшерилип,катталуу менен өтөт .Өзбек Республикасынын жарандары Кыргызстанга Кайтпас өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин,Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп, Өтүкчү көзөмөл өткөрүү жайынан,кайрадан текшерүү менен,Өзбекстандын Сох районуна киришет. Белгилей кетсек 2020-жылдын март айынан бери, Өзбекстандын Сох районуна өзбек жарандары бир гана Кадамжай автожол көзөмөлдөп өткөрүү жайы аркылуу гана өтүп турушкан.Кайтпас өткөрүү жайын ачуу менен Кадамжай автожол өткөрүү жайында,жарандардын кыймылы жеңилдейт жана Кадамжай шаарынан Чечме айылына чейинки калктуу конуштарды аралап өткөн чоң жолдо,автоунаа тыгындары азаят.Ал эми Сох анклавында аба каттамын ачуу боюнча маселеде,Сох районун Өзбекстан менен байланыштырган,чакан учактар учат. Мындан улам жарандарды негизсиз тынчсызданып,туура эмес коомдук пикирлерди жаратпоого чакырабыз.Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамилесин чыңдоо,эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатат.Анткени кылым карыткан жакын кошуна катары эки эл, турмуш тиричиликке байланыштуу маселелерде бир бирине муктаж. Белгилей кетсек алдыда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев,Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп,эки облустун чек аралаш аймакта жашаган элдин суранычы боюнча,пандемиядан улам жабылган, Лейлек районундагы Кулунду жана Кайрагач көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин да карашат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here