Сүлүктүдө окуучуларга туура эмес диний агымдар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

0
644

Сүлүктү шаарында мектеп окуучуларына туура эмес диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Сүлүктү ШИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринде жаш өспүрүмдөр менен жолугушуп, аларга диний уюмдар боюнча түшүнүктөрдү берип, туура эмес диний агымдардын айынан зордук-зомбулуктар терс таасир тийгизип жаткандыгын айтып беришти.
Бул жыйналыштардын соңунда суроо-жооптор болуп, өлкөгө терс таасирин тийгизип жаткан экстремисттик уюмдар боюнча маалыматтар жеткирилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here