Баткенде  апрель революциясынын курмандыктары  эскерилди

0
322

Баткен шаарында 7-апрель элдик революциясынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди. 

Маалыматка караганда, эскерүү иш чарасына облус башчысы баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү жанеа шаар тургундары катышты. Ошондой эле облус башчысы Абдикарим Алимбаев революциянын курманыдыктарын эскерүү сөзүн сүйлөдү. 

Андан соң апрель революциясында курман болгондорго багышталып, куран окулду.

Эске салсак, 2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган нааразылык акциялары алгач Нарын менен Таласта башталып, Бишкекте Ала-Тоо аянтына чогулган элге каршы ок атылган.  Анда 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here