Мектеп директорлорунан акча талап кылууга шектелген инспектор кармалды

0
1222

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен  кабарлашты.

Буга чейин маалымдалгандай, УКМК кармаган инспектор, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу Бишкек шаарындагы мектептердин жана балдар чыгармачылык борборлорунун жетекчилеринен пара алуу боюнча айыпталып жатат. 

Бишкек мэриясынын Свердлов райондук билим берүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүүдө Эсептөө палатасынын инспектору актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 28 билим берүү мекемесинин 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүп, опузалап 5400 доллар алган.

Өз кезегинде башкармалыктын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында окуучулардын санына жараша билим берүү мекемелеринен 18 миң сомдон 27 миң сомго чейин акча каражатын чогултушкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here