Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматына таянсак, 2023-жылы өлкөдөн жалпы 42,2 миң тонна картошка экспорттолгон. Алар негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттерине жөнөтүлгөн. Учурда Өзбекстанга экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Кытайга дагы картошканы экспорттоого сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Картошканын баасы 2024-жылдын март айына карата республика боюнча орточо дүң баа 10-12 сомду, ал эми базарларда 18 — 25 сомду түздү.