Бүгүн, 2-апрелде Баткен шаарында “Баткен Ыйман нуру” коомдук фонду тарабынан ата-энесинен же атасынан ажыраган балдарга азык-түлүк жана акчалай жардамдар көрсөтүлдү.
Иш чаранын расмий бөлүгүндө кайрымдуулук менен алектенген тургундар Президенттин Баткендеги өкүлүнүн ардак громатасы менен жана аталган фонддун төш белгилери менен сыйланышты.
Иш чарага бир катар бийлик өкүлдөрү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, багуучусунан ажыраган балдар жана алардын өкүл ата-энелери катышты.