Кадамжайда 54 турак үй сел коркунучунан корголот

0
217

Кадамжайдын Күлдү айылындагы сел жүрүүчү сайда механикалык тазалоо жумуштары башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган объекттеги жумушту алып барууга керектүү техникалар тартылып, учурда тазалоо иштери уланууда. Иш мерчеминде бекитилген жумуш көлөмү аткарылып бүтсө, Күлдү айылындагы 54 турак жана 600 метр ички чарбалык жол сел алып кетүү коркунучунан корголот.

Тазалоо «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш мерчеминин негизинде аткарылууда. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here