Облустук милициядан билдиришкендей, Лейлектин 28 жаштагы тургунуна автоунаасын сатып алып, 2023-жылдын 18-мартынан бери акчасын бербей качып жүргөндүгү жүргөндүгүн билдирип, жабырлануучу арыз менен кайрылган.
Бул факты КБРне жазык кодексинин Алдамчылык беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жарандын алдамчылык фактысы менен дагы бир арыз катталгандыгы белгилүү болгон.
Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.