САЛАМ AWARDS — 2023

0
550

“Салам Медиасы” 2023-жылдын жыйынтыгы менен «САЛАМ AWARDS — 2023» жыл мыктыларын аныктоого чакырат. Ошондой эле Баткен облусунун ар тараптуу өнүгүүсү үчүн салым кошкон адамдар, ишканалар тууралуу сунуштарды кабыл алат.

Сынакка өз тармагынын өнүгүүсүнө ак эмгегин өтөп, жылдын мыктысы катары коомчулуктун таануусуна ээ болгон инсандар катыша алышат. 

Эгер Сиз коомго анчейин тааныла бербеген, бирок эмгеги зор мыктыларды билсеңиз, дароо сунуштама жөнөтүңүз. Мындан сырткары жылдын мыкты инсандары өзүн-өзү жеке сунуштоо жолу менен  сыйлык ыйгарууга катыша алышат.

Мыктыларды тандап алуу төмөнкү номинациялар жана критерийлер менен тандалат:

Жылдын мыкты мектеби

Жылдын мыкты мугалими

Жылдын мыкты балдар бакчасы

Жылдын мыкты тарбиячысы

Жылдын мыкты дарыгери

Жылдын мыкты медайымы

Жылдын мыкты жетекчиси

Жылдын мыкты спортчусу

Жылдын мыкты журналисти

Жылдын мыкты студенти

Жылдын мыкты окуучусу

Жылдын мыкты маданият кызматкери

Жылдын мыкты ишкери

Жылдын мыкты кайрымдуу инсаны

Жылдын мыкты мейманканасы

Жылдын мыкты кол өнөрчүсү

Жылдын мыкты сулуулук салону

Жылдын мыкты кайрымдуулук уюму

Жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери

Жылдын мыкты тартип сакчысы

Жылдын мыкты чек арачысы

Жылдын мыкты алып баруучусу (тамадасы)

Жылдын мыкты инсаны (Бул номинацияга облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон, элинине материалдык-моралдык колдоо көрсөткөн, оор учурларда эл менен бирге болгон патриот инсандар катыша алат.)

Ошондой эле 2023-жыл ичи социалдык-экономикалык өнүгүүгө умтулган район, шаар, айыл аймагы, айылы үчүн да атайын номинациялар каралды. 

Алар:

Жылдын мыкты району

Жылдын мыкты шаары

Жылдын мыкты айыл аймагы

Жылдын мыкты айылы

Талапкерлерди сунуштоо 2023-жылдын 10-декабрына чейин берилүүсү зарыл.

 «САЛАМ AWARDS — 2023» жыл мыктыларын сыйлоо салтанаттуу азем 2023-жылдын 22-декабрында өткөрүлөт.

Сунуштамаларды [email protected] электрондук дарекке же Баткен шаары, 8-март көчөсү №25 дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Сурап-билүү, кабыл алуу телефондору:

+996 995 101 194 

+996 770 002 563 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here