Баткен районунун Жаңы-Жер айылында жаңы лоогистикалык борбор курулууда. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган борборго райондук өнүктүрүү фондунан 20 млн сомдон ашун каражаты бөлүнгөн. Логистикалык борбордун жалпы аянты 1 гектарды түзөт. Бул борбор курулуп бүткөрүлсө анда 500 тонна жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт.