Кара-Кол каналынын 14 чакырымы курулуп бүттү

0
511

Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Кол каналы бүткөрүлдү. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти. 

Ага ылайык, узундугу 14 чакырымды түзгөн Кара-Кол каналынын куруу жана калыбына келтирүү иштерине мамлекеттик казынадан 23 млн сомьбөлүнсө, Агахан эл аралык уюму 24 млн сом гран эсебинде бөлүнүп, темир суу түтүктөрү, курулушка керектелүүчү материалдар алынган.

Бул ири долбоордун аякташы менен 1200 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакын жайгашкан айылдарга сугат  суу берүү жакшырат. -деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here