Баткенде элдик курултайга делегаттар шайланууда

0
916

Бүгүн 18-ноябрда Баткенде  Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындары өтүп жатат. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат катычысы кабарлады. 

Ага ылайык, Баткен району боюнча 10 делегат, Кадамжай району боюнча 19 делегат, Лейлек району боюнча 12 делегат, Кызыл-Кыя шаары боюнча 4 делегат, Баткен шаары боюнча 4 делегат жана Сүлүктү шаары боюнча 4 делегат жалпысынан 53 делегат облустун атынан Элдик Курултайдын делегаты болуп шайланды.

Шайланган делегаттар облустагы орчундуу маселелерди курултайдын күн тартибине  алып чыгышы керек.

Элдик Курултай үстүбуздөгү жылдын 15-декабрында өтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here