Лейлекте чек арадан малдарды өткөрүп жүргөнгө шектелип эки киши кармалды

0
2970

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Лейлек районунун Кулуңду,  Максат,  Раззаков айылдарынын үч тургуну үлүш жерине байлап койгон бодо малдары ушул жылдын сентябрь айынан бери белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыздар Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен КБР катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.  Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кулунду айыл аймагынын 18 жаштагы эки тургуну уурдалган малдарды кошуна өлкөнүн жарандарына телефон аркылуу баалашып, чек арадан өткөрүп тургандары белгилүү болуп, кармалды. 

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип,  тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here