Кыргыз-тажик чек арасынын 18 чакырымы макулдашылды

0
889

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 17,98 чакырымын макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйын Тажикстандын Бустон шаарында өттү. Эки өлкөнүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары бир жума чогуу иш алып барышкан. Кийинки жыйын Кыргызстандын аймагында өтөт.

Эске салсак, өткөн жумада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өкмөт кыргыз-тажик чек арасын жаңы жылга чейин чечүүнү пландап жатканын билдирген. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here