Эртең Баткенде электр жарыгы оңдоп-түзөөгө байланыштуу өчөт

0
3710

Эртең, 18-октябрда, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында кезектеги оңдоп-түзөө жумуштары аткарылып эрте мененки саат  8:00 дөн 18:00 гө чейинки аралыкта электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, жарык Лейлек районун бардык айыл-шаарлары, Баткен районун Дара, Кыштут, Кара-Булак, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Татыр, Аксай, Төрт-күл жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүндө, Баткен шаарынын Кызыл-Дөң, Кызыл-Жол, Базар-Башы, Булак-Башы, Тамаша жай, МСО жана СМУ кварталдарында үзгүлтүккө учурайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here