Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы Өнүгүү Кубогуна катышат

0
287

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы Белорусияда өтүүчү Өнүгүү Кубогуна катышат. Учурда Бишкек шаарында даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 2009-жылдан улуу эмес оюнчулардан куралган командасы окуу-машыгуу жыйындарынан өтүүдө. Машыгуулар Бишкекте 22-сентябрдан 30-сентябрга чейин уланат.

Өнүгүү Кубогунда кыргыз курамасы Россия, Беларусия жана Тажикстандын курамалары менен беттешет.

Белгилей кетсек, Өнүгүү Кубогунун оюндары 2-октябрдан 9-октябрга чейин Беларусиянын Минск шаарында өтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here