Кыргызстанда алма фестивалы өтөт

0
374

24-сентябрда Компаньон Банкы өлкөдө алма фестивалын өткөрөт. Бул тууралуу аталган банктан кабарлашты. 

Фестиваль Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында өткөрүлөт. Бул фестиваль багбанчылыкты өнүктүрүү жана кардарлар менен агроөнүмдөрдү сатуучулар ортосундагы рыноктук алакаларды чыӊдоо максатын көздөйт.

Иш чарага өлкөнүн бардык аймактарынын багбандарын чогулат жана алар өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтө алат, тажрыйба бөлүшөт, потенциалдуу сатып алуучулар менен келишимдерди түзөт. Ошондой эле Компаньон Банкынын агрономия боюнча адистеринен акысыз негизде кеӊештерди алышат.

Белгилей кетсек, аталган иш чара Компаньон Банкы тарабынан 2006-жылдан тартып өткөрүлүп келет.     

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here