Баткендин көчөлөрүнө белгисиз жазууларды жазган жарандар кармалды

0
2148

Сүрөт: Баткен ОИИБ

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык,  Баткен шаарынын көчөлөрүндө 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү белгисиз жазуулар пайда болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан бүгүн 18-сентябрь күнү эрте менен Ош шаарынын үч тургуну аныкталып, кармалды.

Кармалгандар 25-26 жана 25 жаштагы жарандар экенидиги аныкталып, алардын экөөсү мурда сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду. 

Бул жарандар синтетикалык наркозатын соцтармактар аркылуу жарыялап, сатып, кардар табуу аракетинде көчөлөргө жазууларды жазышкан.

Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here