Милиция Кадамжайда балдар катышкан кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн сынак уюштурду

0
403

Кадамжайда милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу максатында кароо-сынактарды уюштурууда. Бул тууралуу Кадамжай райондук администрациясынан билдиришти.

Ага ылайык, кароо сынак,  Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын маданият үйүндө өттү. Сынакка окуучулардын кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган. Кароо сынактын жыйынтыктоочу баскычы октябрь айында өтөт.

Бул иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр, Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын башчысы жана Кадамжай РИИБдин жетекчилиги жана милиция кызматкерлери катышты — деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here