Баткенде кутурмага шектелген 7 жаштагы бала каза тапты

0
2771

Бул тууралуу Баткен райондор аралык санитардык эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Асель Кошбаева Салам медиага билдирди.

Каза болгон бала Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну болгон.
Кошбаеванын айтымында баланы ооруканага өтө кеч алып келишкен. Балада кутурма оорусунун жарыктан, суудан, шамалдан коркуу белгилери болгон.

Бүгүнкү күндө баланы тиштеген жаныбар аныктала элек. Баланын денесинде жаныбар тиштеген из табылган эмес. Бул окуя катталган аймакта ветиринардык көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Дарыгердин айтымында кутурма ооруусу чоңдорго салыштырмалуу жаш балдарда тез өөрчүйт.
Адистер адамды кайсы жаныбар тиштесе да ооруканага сөзсүз түрдө кайрылып, вакцинасын алуу керектигин эскертет.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь