4 C
Баткен
Среда, 19 января, 2022

Контрабанда менен алектенген жарандар кармалды

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары, кечээ, 14-январда кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет жасаган эки учурду кармашты.  Бул боюнча аталган мекеменин басма сөз кызматы  «Салам» медиасына маалымат берди.

Тагыраагы, Лейлек районунун Вышка участкасында чек арачылар 29 жаштагы М.И. аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы Volkswagen Crafter унаасын токтотушкан. Аталган жаран Кыргызстандан Тажикстанга тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул эле күнү Баткен районунун Кара-Бак айылында чек арачылар Кыргызстандын жаранын Тажикстан жаранынан (контрабандалык жүк) – 30 кутудан ашык мандарин алып жаткан жеринен кармашкан.

Кармоо учурунда Тажикстандын жараны чектеш аймакка из жашырууга үлгүргөн. Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын 26 жаштагы Т.З. аттуу жаранын кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүк териштирүү үчүн чек ара заставасына жеткирилди деп айтылат маалыматта.

Окшош материалдар

Жаңы материалдар