8.6 C
Баткен
Четверг, 9 декабря, 2021

Гендердик зомбулукка каршы 16 күн кампаниясы старт алды

Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө «Гендердик зомбулукка каршы жигердиктин 16 күнү» аталышындагы ар жылдык эл аралык кампания старт алды. Бул багытта Баткенде атайын иш чара болуп өттү.

Иш чарада аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук көпчүлүк учурларда айтылбаган кылмыш болуп жатканы, көптөгөн аялдар жана балдар, үйлөрүндө эле зомбулуктун түрдүү формаларынын тобокелдигине кабылып жаткандыгы айтылды.
2017-жылы Үй-Бүлөлүк зомбулук жөнүндө Мыйзам кабыл алынган. Натыйжада 2019-жылы укук коргоо органдарына үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 6 145 иш катталган.
COVID пандемиясыучурунда милицияүй-бүлөлүк зомбулук өскөндүгүн билдирген. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 762 кылмыш иши козголгон, өлгөн адамдар аялдар болгон.

Статистикага таянсак, өлкөбүздүн калкынын 50,% аялдар менен кыздар түзөт. Демографиялык жана медициналык изилдөөлөргө ылайык,15-49 жаштагы ар бир төртүнчү аял жана кыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган.
Иш чаранын катышуучулары ар бир адам өз үйүндө, коопсуз чөйрөнү түзүүгө салым кошуусу абдан маанилүү экендигин айтышып, кыз келиндерди басмырлоону жоюуу аларды колдоо тууралуу пикирлер колдоого алынды.

Окшош материалдар

Жаңы материалдар