10.8 C
Баткен
Октябрь 26, 2021

Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган форум өттү

Бүгүн 14-октябрда “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” аталышындагы   инвестициялык форум болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, бизнестин,  өкүлдөрү катышты.

Форумдун максаты облустун ишкерлик потенциалын ачуу, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү аркылуу аймакка инвестиция тартуу, жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртуу.

Форумда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев “Бүгүнкү форум өнүгүүнүн башаты болгон – тарыхый иш чара”,  ошондой эле Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүүгө ар бир жаран өз салымын кошуп, аракет жасаса, форум өз максатына жетээрин белгилеп, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Форумдун жыйынтыгында бир катар  документтерге кол коюлду.

Ошондой эле  коноктор үчүн айыл чарба көргөзмөсү уюштурулуп, анда Баткен облусунда өндүрүлгөн продукциянын бардык түрү сунушталды.

Окшош материалдар

Бишкек шаарындагы “Империя пиццы ” кафесинен 85 жаран тамактан ууланды

Тамактан ууланып Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган жарандардын саны 25-октябрь саат 7.30га карата 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз...

Баткен райнонунун Бужум айылынын тургуну Темирбаев Жигитали табылды

Баткен райнонунун Бужум айылынын тургуну 25.12.1988 жылы туулган Темирбаев Жигитали Мухтаровичтин жансыз денеси 2021 - жылдын 21 - октябрь күнү түштөн кийин 15:00 чамасында...

40 даана брондолгон аскер техникалары алынды

Кыргызстан эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу бюджеттик акчага 40 даана брондолгон аскер техникасын сатып алганын президенттин маалымат кызматы билдирди. "Бул башка бирөөгө кол салууга даярдык...

Жаңы материалдар

Алимбаев аскер курсанттары менен жолугушту

Бүгүн 20-октябрда,  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун акимдери Бишкек шаарындагы Советтер союзунун Баатыры, генерал-майору Дайыр...