30 C
Баткен
Июнь 22, 2021

Баткен милициясына автоунаа тапшырылды

Баткендеги чек арадагы куралдуу кагылышуулардан улам Баткен облусундагы милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасына да бир топ өлчөмдө орчундуу чыгымдар келтирилди.

Бул окуяларга кайдыгер карабаган жарандарыбыз өздүк курамды колдоо максатында жардам колун суна баштады. “Бийиктик Курулуш” компаниясы материалдык жардам катары “Honda CR-V 2” үлгүсүндөгү автоунаасын тапшырды. Компаниянын өкүлү Нурбек Калбаев “Тынчтыкты орнотууга милиция кызматкерлеринин салымы чоң, Сиздердин элге жасаган кызматыңыздар, эрдигиңиздер, туруктуулугуңуздарды байкап турдук. Биз ар дайым колдон керген жардамды Сиздер үчүн аябайбыз” деп өз сөзүндө белгилеп кетти.

Лейлек районунундагы Максат айылдык милиция пункту өрттөлүп талкаланып, ал эми Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү талап тонолду. Ал эми Баткен ОИИБнын “Нива” жана “Газель” үлгүсүндөгү автоунааларга тажиктер тарабынан ок атылып жараксыз абалга келген.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов жардам колун сунган “Бийиктик Курулуш” компаниясына ыраазычылыгын айтып, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери жогорку деңгээлде мындан ары да өз кызматтарын аткара берерин билдирди.

Окшош материалдар

Баткен: 16 жаштагы кыз дайынсыз болуп, изделүүдө

2021-жылдын 11-июнь күнү 06.30 чамаларында Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылынын тургуну, 2005-жылы туулган Кенжебаева Бегимай Курсановна өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка...

Кадамжай районунда жапайы кара куурайлар жок кылынды

Кадамжай районунун Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан Кара-Дөбө, Лесхоз, Кожо айылдарына караштуу талаалар, жана үлүш жерлерде жапайы өскөн кара куурайды...

Баткен: телефонун уурдап өзүн зордуктаганга шектүүлөр кармалды

Түн ичинде телефонун уурдап, өзүн зордуктаганга шектелгендер кармалды. Баткен шаарынын 33жаштагы тургунун жашаган үйүнө 04-июнь түнү саат 03:00 чамасында белгисиз атуулдар бетине маска кийип кирип...

Жаңы материалдар

Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы көбөйгөнүнө байланыштуу рейд узартылды

Баткен РИИБү боюнча ЖКККБнүн маалыматы боюнча 2021-жылдын 1-июндан  6-июнь күнгө карата Баткен районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында жол унаа кырсыгы өсүп кеткендигине байланыштуу башкача...

Баткенге жаңы мэр шайланды

Баткен шаарынын мэри болуп Бурканов Имамназар Апызович шайланды. Ага шаардык кеңештеги 31 депутаттын баары "макул" деп добуш беришти. Шайлоо бүгүн 7-июнда өтүп, анда мэрлик кызматка...