30.1 C
Баткен
Июль 30, 2021

Баткен районунундагы Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы бүгүнкү кырдаал

Бүгүн, 2021-жылдын 29-апрель күнү эрте менен саат 05.45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө таджик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундагы боюнда жайгашкан Таджик республикасынын Майский айылы тараптан жолдон өкөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгы таратты. Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.


Таджик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Жергиликтүү элдин айтымында, азыр Баткен – Исфана жолу жабык.

Окшош материалдар

Тажик тургундары такталбаган аймакта тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Эки тараптан ок атышуу болду

Тажик тургундары Кум-Мазар участкасында такталбаган аймакта тазалоо иштерин,ишембилик жүргүзүшкөн.Кыргыз жарандары тарабынан такталбаган аймакта тазалоо иштерин жүргүзүүгө каршы пикир айтылып,тажик жарандарынын арасынан таш ыргыткан.Андан соң...

Жаңы материалдар

Тажик тургундары такталбаган аймакта тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Эки тараптан ок атышуу болду

Тажик тургундары Кум-Мазар участкасында такталбаган аймакта тазалоо иштерин,ишембилик жүргүзүшкөн.Кыргыз жарандары тарабынан такталбаган аймакта тазалоо иштерин жүргүзүүгө каршы пикир айтылып,тажик жарандарынын арасынан таш ыргыткан.Андан соң...

БАТКЕН:БАТКЕН РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ КАПТОО

БАТКЕН:БАТКЕН РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ КАПТОО 19-июль күнү саат 19:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Баткен районунун, Кыштут а/а, Газ айылында сел жүрүүчү сайлардан сел жүрүп,...

Курман айт майрамынын тарыхы

Кѳкүрѳк толо кубанычтын, кѳңүл кубанткан белектердин, жайыл дасторкондо жадырап-жайнап конокторду тосуунун мезгили жакындап калды. Анын негизги себеби, баарыбыз кѳптѳн күткѳн, сүйүктүү майрамдарыбыздын бири - Курман...