19.6 C
Баткен
Апрель 10, 2021

Баткен облустук ички иштер башкармалыгына жаңы 19 кызматкер катарга кошулду

Бүгүн, Баткен ОИИБнын имаратында Кыргыз Республикасынын ИИМнин алгачкы 3 айлык курсун аяктап келип, жаңыдан дайындалган кызматкерлердин ант берүү аземи болду. Бул салтанатка Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов жана өздүк курам катышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңыдан ИИОнун катарына кошулуп, кызматка дайындалып жаткан жалпысынан 19 кызматкер Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын күжүрмөн Туусунун катышуусунда ант беришти.
Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов “ар бир кызматкер ИИОнун катарына кабыл алынып жатканда жоопкерчиликти сезе билиш керек. Биз элдин көзөмөлүндө экенибизди эч качан эстен чыгарбообуз керек. Милициянын күчү-элдин ишеними менен колдоосунда” деп жаш кызматкерлерди туруктуулукка, адилеттүүлүккө, сабырдуулукка жана кыраакылыкка чакырып кетти.

Окшош материалдар

Зардалыдан фоторепортаж

Салам Медиасы Баткен шаарынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан, жолу катаал Зардалы аймагына барып келди. Ал жердеги жашаган элдин жашоосу, баарына белгилүү болгон свет, жол...

Баткен ЖКККсы 5-апрелден 12-апрелге чейин күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзөт

Баткен облусунун аймагында 2021- жылдын 11- апрель жергиликтуу кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүгө карата,Баткен ЖКККсы 5-апрелден 12-апрелге чейин күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзөт. Бул...

Жаштар экстремизмге каршы

Лейлек районунун Исфана шаарында бүгүн “Жаштар экстремизмге каршы” аталыштагы семинар болду. Семинарга жергиликтүү күч түзүмүнөн өкүлдөр, Лейлек, Сүлүктү аймагындагы мектеп мугалимдери, соцпедагоктор, айыл имамдары...

Жаңы материалдар

Баткен ЖКККсы: 2021-жылдан ушу күнгө чейин 3 447 500 сом айып акча салынган

Баткен облусунун аймагында жол унаа кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо багытында Баткен Оиибы боюнча ЖККК болумунун кызматкерлери тарабынан 2 ай 25 кун ичинде жол...

Баткен милициясы кенже жетектөөчүү кызматтарга конкурс жарыялайт

Баткен ОИИБы облус аймагындагы ИИОнун кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялайт. Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук...