28.1 C
Баткен
Май 18, 2021

Кадамжай милициясы Спорт – ден соолук булагы аттуу окуучуларга спартакиада өткөрдү

Кадамжай РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен спорттук иш-чара уюштурулду.

Бул ирет район борборунан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан Совет айыл аймагынын Кан айылында жаш өспүрүмдөр арасында спорттун волейбол,  футбол түрү ойнотулду. Бул оюнга Кыргыз-Кыштак айылынын “Мыйман Миталипов” толук эмес мектеби, “Ташыбек Тургунов”, Кан айылындагы №72 Кесиптик лицей, “Кан” орто мектебинин 9-10-11-классынын мектеп окуучуларынын ортосундагы спорттук оюндар кызуу өткөрүлүп, көрүүчүлөр кол чаап коштоп турду. Футбол боюнча I орунга №72 Кесиптик лицей, II орунга Т.Тургунов орто мектеби, III орунга Кан орто мектеби, ал эми IV орунга  М.Миталипов толук эмес мектебинин окуучулары жетишсе,  ошондой эле кыздар арасындагы волейбол оюну боюнча  I орун Т.Тургунов, II орун Кан, III орунду №72 Кесиптик лицейинин окуучулары камсыз кылды.

Ушундай иш чаралар байма бай өтүп турса окуучу балдардын ортосундагы ынтымак бекемделип жаш өспүрүмдөр ортосундагы пикир келишпестик жоюлат дейт Галбү Осмонова Совет айыл өкмөтүнүн башчысы.

Аталган айыл аймакта жаңырган жыл башынан бери бир да жашы жете элек өспүрүм катышкан кылмыш катталган эмес дейт Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн  Ж.Садиров  атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Сатыбалдиев Тажидин.

Бул иш-чаранын максаты эки айыл ортосундагы жаш өспүрүмдөрдүн  достук-ынтымактыгын бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулук, суицид, укук бузууларга бөгөт коюу.

Кадамжай РИИБнин “Ж.Садиров” атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери мындай саамалыкты жыл сайын уюштуруп, жаш өспүрүмдөр арасындагы профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп турат.

Окшош материалдар

Баткен милициясына автоунаа тапшырылды

Баткендеги чек арадагы куралдуу кагылышуулардан улам Баткен облусундагы милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасына да бир топ өлчөмдө орчундуу чыгымдар келтирилди. Бул окуяларга кайдыгер карабаган жарандарыбыз өздүк...

Коогада көз жумгандардын жакындарына бир миллион сомдон берилет

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусунда жүргөндө билдирди. Ал Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган айылдарды кыдырып жүрөт. Жапаров Маргун...

Баткен облусуна жаңы жетекчи дайындалды

Бүгүн 5-майда КРнын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Абдикарим Алимбаевди Баткен облусунун активине тааныштырды. А.Алимбаевди КРнын Өкмөтүнүн Баткен...

Жаңы материалдар

Баткенге  572, 931 тонна гуманитардык жардам келди

Баткен облусуна 4-майга карата жалпы 572, 931 тонна гуманитардык  жардам  келип  түштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Анын 515,081тоннасы жабыркаган...

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.  Баткен районунун Ак-Сай айылында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, учурда абал...