30 C
Баткен
Июнь 22, 2021

Баткенде Өзбекстан куруп берген 200 орундуу оорукана пайдаланууга берилди

Кечээ 22-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбек Республикасынын колдоосу менен курулган 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын салтанаттуу ачылуу аземи болду. Бул тууралуу өкмөтттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров катышып, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевге жана жалпы өзбек элине, Баткен элинин атынан ыраазычылык айтып, бул саамалык, кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык, жакын мамилесин дагы бир ирет бекемдегенин белгиледи.

Ал эми Өзбек Республикасынан Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Амрилла Иноятов баштаган делегация келип, оорукананы Баткен элине салтанаттуу тапшырышты.

Оорукананын ачылуу аземине КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлери да катышып, кооптуу илдет менен күрөшүүдө түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Жеңил конструкцияда, модулдук курулмалар менен курулган, эки корпустуу оорукана бир айга жетпеген аралыкта курулуп бүтүп, толугу менен Өзбекстан Республикасы тарабынан каржыланды.

Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Окшош материалдар

Баткен: 16 жаштагы кыз дайынсыз болуп, изделүүдө

2021-жылдын 11-июнь күнү 06.30 чамаларында Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылынын тургуну, 2005-жылы туулган Кенжебаева Бегимай Курсановна өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка...

Кадамжай районунда жапайы кара куурайлар жок кылынды

Кадамжай районунун Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан Кара-Дөбө, Лесхоз, Кожо айылдарына караштуу талаалар, жана үлүш жерлерде жапайы өскөн кара куурайды...

Баткен: телефонун уурдап өзүн зордуктаганга шектүүлөр кармалды

Түн ичинде телефонун уурдап, өзүн зордуктаганга шектелгендер кармалды. Баткен шаарынын 33жаштагы тургунун жашаган үйүнө 04-июнь түнү саат 03:00 чамасында белгисиз атуулдар бетине маска кийип кирип...

Жаңы материалдар

Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы көбөйгөнүнө байланыштуу рейд узартылды

Баткен РИИБү боюнча ЖКККБнүн маалыматы боюнча 2021-жылдын 1-июндан  6-июнь күнгө карата Баткен районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында жол унаа кырсыгы өсүп кеткендигине байланыштуу башкача...

Баткенге жаңы мэр шайланды

Баткен шаарынын мэри болуп Бурканов Имамназар Апызович шайланды. Ага шаардык кеңештеги 31 депутаттын баары "макул" деп добуш беришти. Шайлоо бүгүн 7-июнда өтүп, анда мэрлик кызматка...