0 C
Баткен
Понедельник, 1 марта, 2021
Валюта расмий курсу: $ 84,7500 102,9628 0,2034 1,1385

Баткенде Өзбекстан куруп берген 200 орундуу оорукана пайдаланууга берилди

Кечээ 22-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбек Республикасынын колдоосу менен курулган 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын салтанаттуу ачылуу аземи болду. Бул тууралуу өкмөтттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров катышып, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевге жана жалпы өзбек элине, Баткен элинин атынан ыраазычылык айтып, бул саамалык, кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык, жакын мамилесин дагы бир ирет бекемдегенин белгиледи.

Ал эми Өзбек Республикасынан Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Амрилла Иноятов баштаган делегация келип, оорукананы Баткен элине салтанаттуу тапшырышты.

Оорукананын ачылуу аземине КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлери да катышып, кооптуу илдет менен күрөшүүдө түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Жеңил конструкцияда, модулдук курулмалар менен курулган, эки корпустуу оорукана бир айга жетпеген аралыкта курулуп бүтүп, толугу менен Өзбекстан Республикасы тарабынан каржыланды.

Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Окшош материалдар

Баткенде волейбол боюнча турнир өттү

25 - 26 - февбраль күндөрү Баткен шаарынын дене тарбиясы жана спорт тармагына чоң салым кошкон Тажидин Таабалдиевдин жаркын элесине арналган спорттун волейбол түрү...

Темирден боз үй жасаган уста

Бул уста Баткен шаарында жашайт. Аты Нурдин, атасынын кесибин улап электр ширетүүчүлүк менен алектенет. Акыркы күндөрү темирден жасалган боз үйлөргө талап көп болгондуктан Нурдин...

Тажикстандын органдары 22 жаранды кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт

https://www.youtube.com/watch?v=UyvGCS1qLpY&t=42s Соц тарматкарда Тажик тарап Кыргызстандын 22 жаранын кармап кетти деген маалымат тараган болчу. Ал маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн...

Жаңы материалдар

Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов Лейлек районунда

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов Лейлек, Сүлүктү аймактарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Сүлүктү шаардык...

Милициянын көчмө кабылдамасы айылдарда иш алып барат

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын, Кадамжай, Лейлек, Баткен районунун тургундары! Сиздердин аймакта ички иштер бөлүмдөрүндөгү милициянын көчмө...