20-октябрга чейин Кыргызстандын калкы 7млн болот

0
722

2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде, үстүбуздөгү жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган.
Республикада 7 миллионунчу жаранынын төрөлүшүнө карата иш-чараларды өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн.

Комиссия 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришкен. Эсептелген маалыматтар боюнча,бул маанилүү окуя үстүбүздөгү жылдын 20-октябрына чейин болушу керек.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь