2022-жылдын 3-июнунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды.
Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын чек ара кезмети Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде кызмат өтөө учурунда Тажикистандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин чек арачыларын Кыргызстандын аймагына шарттуу чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өткөндүгүн байкашкан.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачыларынын Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарын этибарга албай, тажик чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.
Эки өлкөнүн чек ара кезметтеринин ортосунда ок атышуу орун алып, тажик тарап миномётторду колдонгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.
Кырдаалды турукташтыруу максатында КР УКМКнын Чек ара кезметинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник К.Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири полковник Р.Миршакиров чыр-чатак орун алган жерге жөнөп кетишти.
КР УКМКнын Чек ара кызматы КР УКМКнын Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.З. Шаршеев жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысы генерал-полковник Р.Рахмонали менен бүгүнкү болгон телефондук сүйлөшүүлөргө жана мурда келишилген ок атышууларга жол бербөө боюнча келишимдерге карабай тажик тарап азыркы учурда ок атууну токтотпой жатат.
Саат 14:00гө карата атышуу уланууда.
КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат жана тажик кесиптештерин Кыргызстандын позицияларына ок атууну токтоосуз токтотууга чакырат. Болбосо, КР УКМКнын Чек ара кызматы жооп-чараларын колдонуу укугун өзүнө калтырат.