13 адам жабыркаган жол кырсыгы катталды

0
761

Өзгөн шаарында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Натыйжада 13 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Мерседес-Бенц” жана “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктан жалпы 13 адам жабыркаган, анын ичинен сегиз жарандын абалы өтө оор, беш жаран жеңил жараат алган. Куткаруучулар жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь