Баткендеги таштанды көйгөйү: чечилбеген маселе же коомдук жоопкерчилик?

0
3

Баткен: Таштанды көйгөйү канткенде чечилет?
Түндүк Европада жайгашкан Данияда таштандыларды башкаруу боюнча катуу эрежелер бар. Мисалы, ар бир үй-бүлө таштанды чыгаруу үчүн жылына 100 долларга чейин төлөйт. Бул каражаттар таштандыларды чогултуу, иштетүү жана утилдештирүү иштерине жумшалат.

Баткен облусу – жаратылышы кооз, таза абасы жана суу ресурстары менен белгилүү аймактардын бири. Бирок акыркы жылдары таштанды чоң көйгөйгө айланып, экологияга олуттуу зыян келтирүүдө. Көпчүлүк аймактарда таштанды таштоочу жайлар системасыз, ал эми кээ бир жерлерде таштандылар көчөлөргө, суу жээктерине, тоолорго ыргытылууда. Бул көйгөйдү чечүүнүн жолдору барбы?
Таштанды көйгөйүнүн негизги себептери
Инфраструктуранын жетишсиздиги
Баткенде таштанды чогултуучу жана кайра иштетүүчү системалар жетишсиз.
Кыргызстанда экологияны коргоо боюнча мыйзамдар бар, бирок Баткенде таштанды маселеси боюнча көзөмөл жетишсиз. Айрым учурларда мыйзамсыз таштанды төккөндөргө чара көрүлбөйт.

Таштанды көйгөйүнүн кесепеттери
Чириген таштандылар абага уулуу газдарды бөлүп чыгарып, сууну жана топуракты булгантат. Полигондордон жана заң таштандыларынан ууланган жаныбарлар өлүп, экосистема бузулат.Таштандылардан чыккан бактериялар жана вирустар адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурат.
Жергиликтүү жашоочулар менен сүйлөшкөндө ар кандай пикирлерди угууга болот. Айрымдары бул көйгөйгө көңүл бурбастан таштанды ыргытса, башкалары тазалыкка маани берип, демилгелерди көтөрүп чыгышат.
Чынара Адуллаева Баткен шаарынын тургуну:
«Биздин аймакта таштанды чогултуу системасы начар. Көчөлөрдө таштанды челектери аз, эл кайда төгөрүн билбей, ар кайсы жерге таштайт.»
Активист Манас:
«Биз достор менен ай сайын тазалык акцияларын өткөрөбүз, бирок эл таштандыны кайра эле таштап коёт. Коомдук аң-сезимди өзгөртүү керек.»
Экологдор жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү төмөнкү иш-чараларды сунушташат:
Таштандыны иргөө жана кайра иштетүү системасын өнүктүрүү.
Коомдук аң-сезимди жогорулатуу боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүү.
Мыйзамдарды күчөтүү жана таштандыны мыйзамсыз таштоого айып пул салуу.
Экологиялык долбоорлорду жана жашыл экономика концепциясын колдоо.
Баткендеги таштанды көйгөйү актуалдуу бойдон калууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, таштанды челектери жетишсиз, ал эми айрым аймактарда таштанды өз алдынча төгүлүп, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүдө. Эксперттер бул маселени чечүү үчүн таштандыны сорттоо жана кайра иштетүү системасын киргизүү, мыйзамдарды күчөтүү жана коомчулуктун экологиялык аң-сезимин жогорулатуу зарыл экенин белгилешет.
Белгилей кетсек, Баткен шаарында гы таштанды талаасы 25 гектарды түзөт. Былтыр апрель айында таштанды талаасында тийиштүү экологиялык стандарттар сакталбаганы үчүн шаардык бийликке 28 миң сом айыппул салынган.

Сабира Бакирбек кызы Салам Медиа Баткен

21.02.2025