Баткендин Жаңы-Жер айылында суу сактагыч пайдаланууга берилди 

0
247

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында эки миң м3 суу сактагыч курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук бийликтин маалымат катчысы кабарлады. 

Ага ылайык, суу сактагычтын ачылуу иш чарасына Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрү, тийиштүү жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчысы катышты. 

Суу сактагыч жалпы сметалык баасы 1 млн 350 миң сомду түзөт. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун  “Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” долбоорунун алкагында 950 миң сомго пленка, текстиль жана башка керектүү жабдыктары алынып берилген. Ал эми “Клубмалина Жаңы-Жер” айыл чарба кооперативи тарабынан 400 миң сом өздүк салым кошулуп жумушчу күчү менен камсыздалган.

Эми аталган айылдагы 50 гектар жер аянтты тамчылатып сугаруу системасы аркылуу  сугат суу менен камсыз болду. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь