Баткенде диндердин өнүгүү тарыхы сабагынан билим таймашы өттү

0
107

Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагынан билим таймашы өттү. Бул туралуу Баткен облустук казыятынан кабарлашты.  

Билим таймашына мектеп администрациясы жана мугалимдер ошондой 9-класстардан турган төрт команда катышып, ар бир команда диндердин тарыхы, алардын өнүгүү жолдору, дүйнөдөгү негизги диндердин ишенимдери боюнча суроолорго жооп беришти.

Таймаштын жыйынтыгында:

1-орунду — 9-А классы, 2-орунду — 9-Г классы, 3-орунду — 9-Б классы камсыздады.

Катышуучуларга иш-чаранын демилгечиси Фуркат Авлиёев тарабынан акчалай сыйлыктар, китептер жана дипломдор тапшырылды.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь