Райхан Ташполотованын миграциядан бизнеске кеткен жолу

0
210

Райхан Ташполотова 1972-жылы Баткен районунун Бужум айылында төрөлгөн. Ал орто мектепти ушул эле айылдан аяктап, Бишкек шаарындагы атайын медициналык окуу жайлардын биринен билим алып, медайымдык кесипке ээ болгон. Анын үч уул, бир кызы бар.

Ал  2010-жылы турмуш шартына байланыштуу Орусиянын Нижний Новгород шаарына эмгек миграциясына балдары менен чогуу кеткен. Ал жерде 12 жыл бою эмгектенген. 

 

“Балдар менен баруу өтө кыйын иш. Балдарды мектепке киргизип, алар коопсуз турак-жайга муктаж болот. Эми ал күндөрдү ойлосоң жомок сыяктуу да. Мен өзүмө-өзүм ишенбейм.  Мен кантип ушул балдарды алып барып, коркпой окутуп, баарын камсыздап, иштейм деген… Бир эле өзүм,  кичине эле адаммын. Бирок өзүмө тоодой күчтү кайдан алгам деп таң калам да. Ал убакта бир көзүңдө жаш, бир көзүңдө кан дегендей…” – дейт Ташполотова.

 

“Орусиядагыдай эле акча таап жатам”

Райхан Нижный Новгороддогу бир канча жерлерде  тазалоочу болуп иштеген. Андан кийин “Ремесленный хлеба” деген аталыштагы нан заводунда иштеп, бул жылдар аралыгында Райхан  бышырыктарды жасоо үчүн атайын жабдууларды сатып алып, Кыргызстанга жөнөтүп, ишкердик баштоо үчүн даярдык көргөн.   

“Уулум да кызым да ушул тармакта иштегендиктен бир иш баштасак деген идеа келди. 6-7 жылдай даярдандык. Кыргызстанга бир келгенде камыр кылуучу апарат алып келип, кийинки келгенде меш сатып алып даярданып жүрдүк. Анан 2023-жылдын март айында уулум, мен жана келиним менен ишибизди баштадык. Ишканага “Магнат” деген наам бердик. Азыр Россиядагыдан алган маянамдан  ашык  таап  жатамын. Бирок иштегенибиздин үзүрүн көрүп жатабыз”. 

Аймакта миграциядан келип бизнес баштагандар көп. Райхан Ташполотова да миграцияда тажрыйба топтоп, өз жеринде ишкердик жүргүзүп, жумушсуз жүргөн кыз-келиндерди иш менен камсыз кылды.

“Азыр 10 кыз-келин иштейт. Алар негизинен 35 жашка чейинки аялдар. Бардыгынын экиден үчтөн балдары бар. Жалаң аялдардын иштегендигин эске алып, мен сменаны эки күн иш, эки күн дем алыш кылып койгонмун. Эки күн үй-бүлөсүнө да көңүл бурсун деп. Алардын бардыгы эле  аз тапсак да балдарыбыздын жанында болсок, кечинде барып чогуу тамак ичип, үйдө болсок деген ниеттери бар”. – дейт Райхан айым. 

 

“Баткен нанын бренд кылуу идеясы бар” 

Ташполотова өзү негиздеген “Магнат” ишканасында нандардын бир нече түрүн бышырат. Ал көбүн эсе табийгый ачыткы менен даярдалган нандарды чыгарат.  Жакынкы жылдары  Баткен нанын бренд кылып, коңшу өлкөлөргө чыгарууну пландап жатат.  

“Адамдар ушул пекарный Магнат дегенде. Күмөн санабай эле ачыткы нандары экен деген түшүнүк болсун деп чыгарып жатабыз. Алдыда Баткендин нанын бренд кылып чыгаруу идеасы турат. Ал нандарды өлкө аймагына, мүмкүн Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанга да чыгарарбыз, аны мезгил көрсөтөт, ” – дейт Райхан Ташполотова.

“Биз алардан үйрөнөбүз, алар бизден…”

Баткендик ишкер  аймактык ынтымакка жана кошуначылык мамилелерге маани берет. Ал кошуналар менен тынч мамиле орнотуунун, биргелешип өнүгүүнүн жана элдердин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуунун маанилүү экенин белгилейт.

          

 “Эң жакшы нерсе кошунаң менен тынчтыкта жашоо. Кошунаң тынч болсо, өзүң тынч дейт ко. Мисал үчүн, кошуна мамлекеттер менен биздин ортобуздагы байланыштар болсо эң жакшы. Алардан биз үйрөнөбүз, бизден алар үйрөнүшөт дегендей”.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь