«Бужум айылындагы кичинекей көйгөйдү чечтим» – Гүлзар айымдын жетишкендиги

0
216

Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Гүлзар Нишанова көп жылдар бою миграцияда жүрүп, айылга кайтып келгенден кийин өзүнүн чоң демилгесин ишке ашырды. Ал өз айылындагы балдар бакчасынын жетишсиздигин байкап, бул көйгөйдү чечүүгө бел байлады.

Грант жана ишке ашырылган кыял
Гүлзар  «Аялдар – тынчтык тиреги» долбоору аркылуу 350 миң  сомдук грант утуп, бул каражатты бала бакчанын аянтчасын жабдууга жумшады. Анын аракети менен айылдыктардын жашоосу үчүн чоң өзгөрүү кирди. Бала бакчанын ачылышы айылдагы энелерге жеңилдик гана алып келбестен, балдар үчүн да коопсуз жана кызыктуу чөйрө түздү.

Балдар үчүн ачык асман алдындагы оюн аянтчасы
«Солнышко» бала бакчасындагы ачык асман алдындагы заманбап оюн аянтчасы балдардын активдүү түрдө ойноо менен эле чектелбестен, алардын коомдук жашоого аралашуусу, өз ара иштешүү жана достор менен байланыш түзүүдө маанилүү ролду аткарып жатат.

Гүлзар айым бала бакчаны ишке киргизүү менен айылда беш кыз-келинге жумуш ордун түзүп берди. Эми бул айымдар өз айылында иштеп, туруктуу киреше таап жатышат.

«Миграцияда жүргөндө айылдагы көйгөйлөрдү көп ойлочумун. Кайтып келип, өз айылым үчүн пайдалуу иш жасоого мүмкүнчүлүк болгонуна кубанычтамын. Бала бакчанын аянтчасы азыр балдардын эң сүйүктүү жайы. Бул менин эң чоң жетишкендигим деп эсептейм», – дейт Гүлзар айым.


Айыл тургундары бул демилгени кубаттап, анын чоң жардам болгонун белгилешти. «Бала бакчанын жана оюн аянтчасынын ачылышы биз үчүн чоң жеңилдик болду. Гүлзар айымдын аракети жаштарга да дем берип жатат», – дешет айылдын тургундары.

Гүлзар  өз ишин андан ары өнүктүрүүнү пландоодо. Ал бала бакчанын шарттарын жакшыртып, кошумча жабдууларды алып келүүнү, жана балдар үчүн билим берүү программаларын киргизүүнү көздөп жатат.

Гүлзар Нишанова демилгеси миграциядан кайтып келген жарандар үчүн үлгү болуп, кичинекей айылдарда да чоң өзгөрүүлөрдү жасоого мүмкүн экенин көрсөттү. «Солнышко» бала бакчасы – бул анын эмгегинин жана кайраттуулугунун жандуу мисалы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь