Лейлекте IT академиясынын филиалы ачылды

0
155

Лейлекте IT академиясынын филиалы ачылды. Академияны ачууну Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаеванын демилгелеген.

Парламенттен билдиришкендей, анын алкагында “Лейлекте жашап, бүткүл дүйнө менен иште!” аттуу маалыматтык технологиялар форуму өттү.

Форумда көптөгөн маалыматтык баяндамалар жасалып, сунуш-пикир, идеалар талкууланды.

Белгилей кетсек, «Баткен облусунда аялдар жана кыздар үчүн маалыматтык коммуникациялык технологиялар тармагында билим алуу мүмкүнчүлүгү» долбоорунун алкагында 200 кыз-келин бекер билим алат. Долбоорго Германиянын кызматташтык (GIZ) уюму демөөрчүлүк кылып жаңыдан ачылган IT академиясынын филиалына 25 ноутбук белек кылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь