Кызыл-Кыяда 17 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү берилди

0
583

Кечээ, 4-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери, тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  жолугушууда 45 этникалык кыргыз “Кайрылман” күбөлүгүн алууга кайрылган, алардын 17 этникалык кыргызга “Кайрылман”  күбөлүгү берилди. Ошондой эле этникалык кыргыздардын чек арадан мыйзамдуу өтүүсү, келгенде өз учурунда каттоого туруусу жана Кыргыз жарандыгын алуу боюнча түшүндүрүү иштери болуп, берилген суроолорго тиешелүү жетекчилер жооп беришти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь