Кызыл-Кыяда  унаа уурдоого шектелип Бишкектин 18 жаштагы  тургуну кармалды

0
231

Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты. 

Ага ылайык, кармалган жаран, Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургунунун Лексус 330 үлгүсүндөгү автоунаасын уурдоого шектелүүдө. 

Милициянын ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаа Ноокат районунун Көк-Жар айылынын ээн талаасынан табылган. Ал эми кылмышка шектүү изин жашырып кеткен.

Бул факты КБРне кылмыш жаза кодексинин Автотранспорт каражаттарын айдап качуу беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь