Бүгүн, 18-октябрда түнкү саат 02:50 чамасында
Кызыл-Кыяда жол кырсыгы катталып, андан төрт тургун мерт кетти. Дагы төрт адам ооруканага жеткирилди.
Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн бөлүгүндө Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы тургуну «Мерседес-Бенц-211» үлгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан-чыгышты карай унаасын башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада каршы багытта унаасын башкарып келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургунунун «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаасын сүзүп жол кырсыгына учураган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыктын жагдайлары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.