Кол өнөрчүлүк Лейлек аялдарын кандайча бириктирди?

0
776

Кыргызстандын эң алыскы аймактарында өз эмгеги жана салтка болгон берилгендиги менен бүтүндөй бир муунга шыктануу берген аялдардын кызыктуу окуялары жашырылган. Мына ушундай шыктандырган инсандардын бири — Лейлек районунун Коргон айылынын тургуну Апиза Жороева. Ал өз аракети менен жергиликтүү коомчулуктун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет.

Апиза апа  ар дайым кыргыздын байыркы кол өнөрчүлүк салттарын жандандырып, жаштарга кыргыздын өзгөчө маданиятын ачып берүүнү кыялданган.

“Аялдар тычтык тиреги “ долбооруна катышып  Роза Отунбаеванын фондунан жүн иштетүү боюнча грант алуу менен анын кыялы ишке ашты. Бул грант анын керектүү материалдар менен жабдууларды сатып алышына жол ачып, өзүнүн өнөрканасын түзүүгө баштапкы кадам болду. Азыр бул өнөрканада ал өзү эле эмес, айылдын ондогон кыздары да бул өнөрдү үйрөнүп, өздөштүрүп келишет.

Апиза ишмердүүлүгүн өз ара колдоо жана билим берүү идеясында негиздеген. Ал айылдагы аялдар менен кыздарды чогултуп, аларга өз тажрыйбасын үйрөтүп, жүн иштетүүнүн татаал, бирок өтө маанилүү көндүмдөрүн өздөштүрүүгө жардам берип келет. Азыр алар биргеликте иштеп, жогорку сапаттагы таар, белдемчи жана башка буюмдарын  жаратып, салтты сактоо менен бирге киреше да табышууда. Бул өнөркана Коргондогу көптөгөн аялдарга өз алдынча киреше табуу мүмкүнчүлүгүн берип, алардын ишкерлигине өбөлгө болууда.


Апиза апа Кыргызстандын булуң-бурчундагы өнөрчүлүк фестивалдарына активдүү катышып, өз айылын таанытып, эмгектери  тууралуу айтып берип келет. Бул фестивалдар кыргызстандыктарга кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгү тууралуу көбүрөөк билүүгө шарт  түзүүдө,  мындай иш-чараларга катышуу — сыймык жана өнүгүүгө түрткү.

Бүгүнкү күндө Апиза апа жана анын шакирттери өндүрүштү кеңейтип, дагы көп аялдарды өнөрканага кошуп, кыргыз элинин уникалдуу салттарын сактап калууну пландашууда. Алар үчүн жүн иштетүү жөн гана өнөр эмес, бири-бирине күч-кубат бере алган аялдардын биримдигинин символу болуп калды.

 

 

 

 

 

 

Апиза Жороеванын окуясы — өз ишине берилгендиктин үлгүсү гана болбостон, кичинекей колдоонун өзгөчө маанилүү нерселердин башаты боло аларына далил. Анын эмгеги өлкө боюнча аялдарды шыктандырып, кыргыз кол өнөрчүлүгүнө жана аялдарды колдоого зор салым кошот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь