Кадамжайда муниципалдык ишкананын директору кармалды

0
632

Кадамжайда муниципалдык ишканалардын биринин директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү банктагы жеке кызыкчылыгынан пайда табуу максатында ишкананын эсебинде субсидия катары түшкөн бир миллион сомду алып, акчанын бир бөлүгүнө «Мерседес-Бенц Спринтер» автомашинасын сатып алып, өз атына каттатып, калган акча каражатын өзүнө ыйгарып алган.

Бул факты боюнча жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү  камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь