БУУ Баткендеги жабыркаган элге акчалай жардам берүүдө

0
2309

Бириккен Улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган 1431 үй-бүлөгө шартсыз акчалай жардам көрсөтө баштады. Баткендеги өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү планынын алкагында ар бир үй-бүлө 16 миң сомдой (200 АКШ долларына жакын) акча алууда.

Жардам ала турган аялуу үй-бүлөлөр жергиликтүү бийлик органдары менен бирге тандалып, БУУ ДАТП тарабынан текшерилген. Ага ылайык, бул тизмеге чек арадагы тополоңдо аргасыз жер которгон, же жер которуп, кайра өз үйлөрүнө кайтып келген, жашы жете элек балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой аялдар, киреше булагы жок үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар кирген. Бул жардам Баткен шаарына жана чыр-чатактан түздөн-түз жабыркаган айылдарга гана багытталган.

Акчалай жардамды бул тизмеге киргендер өлкөдөгү банктардын Баткендеги бөлүмдөрү аркылуу алууда. Бул тууралуу “Салам Медиага” бүгүн Бириккен Улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь