Баткен районунда куралдуу жаңжалдан жараксыз болгон 106 үй тазаланды

0
618

Кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу аракеттери уланууда. Тажик тараптан өрттөлүп жараксыз абалга келген турак үйлөр менен мамлекеттик мекемелердин имараттарын кайра куруу үчүн, алардын ордун тазалоо иштери аткарылууда.

Бүгүнкү күнгө Баткен районунда 106 турак үй тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Достук айылында 47 турак үй тазаланды. Ал эми Миң-Булак айылында өрттөлгөн сегиз турак үй аныкталып, ӨКМ куткаруучуларынын кол күчү менен тазаланды.

Ошондой эле Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 үй толугу менен тазаланып, 14 турак үй техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.

Аймактан жалпы 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь